Ушул жылдын январь-июнь айларында 10 миңдей өзбекстандык Орусиянын жарандыгын алды. Бул тууралуу “Азаттыктын” өзбек кызматы жазды. Орусиянын Ички иштер министрлигинин сайтындагы маалыматка караганда, 2018-жылга карата 2,2 миллион өзбекстандык миграциялык каттоого турган.
Орусия жарандыгын 2012-жылы 13 миң 400 өзбекстандык алса, 2017-жылы алардын саны 23 миң 300 адамды түзгөн. Расмий маалыматка ылайык, өткөн жылы өзбекстандыктар орус жарандыгын эң көп алган беш өлкөнүн катарына кирген. Былтыр орус паспортун Украинанын 85,1 миң, Казакстандын 40,7 миң, Тажикстандын 29 миң, Армениянын 25 миң жараны алган.
Ал эми 2018-жылдын алты айында орус жарандыгын алган кыргызстандыктардын саны 4 миң 392 адамды түзгөн.