Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:24

Мамлекеттик департамент: 2017-жылы дүйнөдө террордук чабуул азайды


Ооганстан.
Ооганстан.

Мунун негизги себеби катары Ирактын бир канча аймагын өз көзөмөлүнө алып турган "Ислам мамлекети" террордук тобунун жок кылынышы катары каралууда. Бул тууралуу Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаментинин террорчулук тууралуу жылдык баяндамасында айтылат.

Америкалык эксперттердин маалыматына караганда, өткөн жылы 8584 террордук кол салуу болгон. Бул бир жыл мурдагыга караганда, 23% аз жана террордук чабуулдардан 19 миң адам көз жумган. Былтыр террордук чабуулдар көп катталган өлкөлөр катары Ооганстан, Ирак, Индия, Пакистан жана Филиппин табылган. Андан эң көп жабыркаган өлкө Ооганстан, бул мамлекетте 4672 адам каза тапкан.

Терроризмди каржылаган өлкөлөрдүн катарында Иран, Түндүк Корея, Судан жана Сирия бар. Баяндамада Иран террордук топтордун жигердүү колдоочусу экени айтылып, Африкадан Түштүк Америкада да ишмердик жүргүзөрү белгиленген.

XS
SM
MD
LG