Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:12

Порошенко Орусияга киргизилген санкцияларды жумшартууга каршы


Петро Порошенко Жогорку Радада кайрылуу жасап жаткан учур.
Петро Порошенко Жогорку Радада кайрылуу жасап жаткан учур.

Украин президенти Петро Порошенко Москванын Украинадагы аракеттерине байланыштуу Орусияга киргизилген эл аралык санкцияларды жумшартуунун тобокелдиги тууралуу эскертти. Анын 20-сентябрда ички жана тышкы саясат тууралуу парламентке жасаган жылдык кайрылуусу учурунда айтканына караганда, Крымды кайтарып бере электе эле Орусия менен мунасага баруу эл аралык укуктун жеңилиши болот. Ал дүйнө лидерлерин орус агрессиясына каршы биригүүгө чакырды.

- Батыштын Москвага каршы санкциялары азыр украин маселесине гана байланыштуу эмес экенин билүү маанилүү. Эмне үчүн? Анткени Орусия биздин гана көйгөй эмес экенин, ал бүткүл цивилизациялуу дүйнөгө коркунуч жаратып жатканын терең түшүнө турган учур келди. Биз Орусияга каршы санкциялык басымдын жумшарышына ырааттуу каршы чыгууну улантабыз, - деди Порошенко Жогорку Рададагы кайрылуусунда.

АКШ жана Европа Биримдиги Крым жарым аралын аннексиялап, Украинанын чыгышындагы жикчилдерге колдоо көрсөткөнү үчүн Орусияга 2014-жылы санкция киргизген.

Донбасстагы Орусия колдогон жикчилдер менен украин аскерлеринин ортосундагы уруштан ушул күнгө чейин 10 миң 300 адам көз жумду.

XS
SM
MD
LG