Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:55

ЖК төрагасы Жумабеков Азербайжан президенти менен жолукту


Дастанбек Жумабеков менен Илхам Алиев.
Дастанбек Жумабеков менен Илхам Алиев.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган делегация Азербайжан парламентинин 100 жылдыгына арналган иш-чарага катышуу үчүн Бакуга барды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 20-сентябрда бул иш-чаранын алкагында өлкө президенти Илхам Алиев чет өлкөлүк парламент жетекчилерин Баку шаарында кабыл алды. Ал мааракеге катыша турган делегация башчыларына ыраазычылык билдирди. Сүйлөшүүлөрдүн алкагында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго салам айтып, Азербайжанга расмий иш сапар менен келүүгө чакырды.

Ушул эле күнү Дастанбек Жумабеков Азербайжан Улуттук Мажлисинин төрагасы Октай Асадов менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Парламент аралык кызматташтыкты жакшыртуу тууралуу сүйлөшкөн тараптар депутаттык достук топторунун өз ара байланышын чыңдоо менен эки тараптуу иш сапарларды уюштурууну макулдашты.

Азербайжан Мажлисинин 100 жылдык мааракеси 21-сентябрда өтөт. Ага кыркка жакын өлкөнүн парламенттик делагациялары катышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG