Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:38

Жогорку Рада Украинанын НАТОго жана ЕБга мүчөлүккө умтулуусун караган мыйзамды карады


Жогорку Рада. 18-сентябрь
Жогорку Рада. 18-сентябрь

Украин парламенти бейшемби күнү президент сунуштаган, Украинанын НАТОго жана Еврошаркетке мүчөлүккө умтулуусун Баш мыйзамга киргизүүнү караган мыйзам долбоорун Конституциялык сотко жөнөттү. Конституциялык сот мындай беренени Баш мыйзамга киргизүү тууралуу оң баасын берсе, аны биринчи окууда кеминде 226 депутат колдошу керек. Ал эми экинчи окууда конституциялык көпчүлүктүн, башкача айтканда 300 депутаттын добушу зарыл.

2019-жылы мартта жана октябрда Украинада парламенттик жана президенттик шайлоолор өтөт. Баш мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүү бул шайлоолорго чейин же андан кийин киреби белгисиз.

Бүгүн, 20-сентябрда ички жана тышкы саясат тууралуу парламентке жасаган жылдык кайрылуусyнда президент Петро Порошенко келечекте Украинанын НАТОго жана Еврошаркетке мүчөлүккө кирүүсү үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизүү зарылдыгын белгилеген.

Ошондой эле ал Украинанын куралдуу күчтөрү 2020-жылга карата НАТОнун талаптарына шайкеш келтириле турганын айткан.

Бул демилгелер төрт жылдан бери Украинанын чыгышында Орусия колдогон жикчилдер менен өкмөттүк аскерлердин ортосундагы уруштан ушул күнгө чейин 10 300 адам көз жумган учурда жасалып жатат. 2014-жылы Беларустун борбору Минскте түзүлгөн тынчтык макулдашуусу уруштарды толук токтото алган жок.

АКШ жана Европа Биримдиги Крым жарым аралын аннексиялап, Украинанын чыгышындагы жикчилдерге колдоо көрсөткөнү үчүн Орусияга 2014-жылы санкция киргизген.

Кремл дооматтардын баарын четке кагып келе жатат.

Украин президенти Петро Порошенко 20-сентябрда Москванын Украинадагы аракеттерине байланыштуу Орусияга киргизилген эл аралык санкцияларды жумшартуунун тобокелдиги тууралуу эскертти.

- Батыштын Москвага каршы санкциялары азыр украин маселесине гана байланыштуу эмес экенин билүү маанилүү. Эмне үчүн? Анткени Орусия биздин гана көйгөй эмес экенин, ал бүткүл цивилизациялуу дүйнөгө коркунуч жаратып жатканын терең түшүнө турган учур келди. Биз Орусияга каршы санкциялык басымдын жумшарышына ырааттуу каршы чыгууну улантабыз, - деди Порошенко.

Ал Крымды кайтарып бере электе эле Орусия менен мунасага баруу эл аралык укуктун жеңилиши болот деди.

Орусия Украинанын НАТОго жана Европа биримдигине мүчө болушуна каршы болуп келе жатат.

XS
SM
MD
LG