Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:51

Тоо-кен тармагына берилген лицензиялар ирээттелет


Бозумчак кени.
Бозумчак кени.

Кыргызстанда кен байлыктарын иштетүүдө берилген лицензиялар тартипке келтирилет.

Бул тууралуу 20-сентябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жаңы төрагасы Эмил Осмонбетовду жалпы жамаат менен тааныштырган учурда билдирди. Өкмөт башчы бул тармакта ачыктыкты камсыз кылуу керектигин айтты.

Мындан сырткары жалпысынан 2700дөн ашуун лицензиция берилгенин белгилеп, анын канчасы иштеп, канчасы кимдин колунда экенине кызыкты.

- Муну иликтеп чыгып, кендерди геологиялык чалгындоо жана иштетүү лицензияларын инвентаризациялоону ыкчам түрдө ирээтке келтирүү кажет. Биздин улуттук байлыктарыбыз элдин жана мамлекеттин кызыкчылыктарында пайдаланылышы зарыл. Лицензияларды үчүнчү жактарга берүү тажрыйбасын токтотуу керек, - деди өкмөт башчы.

Эмил Осмонбетовдун талапкерлигин Абылгазиев өзү сунуштап, аны парламент 19-сентябрдагы жыйында колдоп берген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG