Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев тыюу салынган уюмдарга киргендер күнөөсүн мойнун алса, кылмыш жоопкерчилигинен бошой турган жарлыкка 19-сентябрда кол койду.
“Террористтик, экстремисттик жана тыюу салынган башка уюмдарга адашып кошулуп кеткен Өзбекстандын жарандарын жоопкерчиликтен бошотуунун тартибин жеңилдетүү жөнүндө” жарлыкка ылайык, жарандардын өтүнүчүн башкы прокурор Отабек Муродов жетектеген республикалык мекеме аралык комиссия карайт.
Бул комиссиянын чечиминин негизинде жарандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотууну караган жаңы эреже 1-ноябрдан тарта күчүнө кирет.
2017-жылы июнь айында президент Шавкат Мирзиёев күч органдары түзгөн “кара тизме” кайра караларын айтып, ага айыпсыз кошулуп калган адамдарды чыгарууну тапшырган. Айрым маалыматтар боюнча убагында “кара тизмеде” 16 миңден ашык адам болгон.
2017-жылы Өзбекстандын бийлиги аталган тизмеден бир нече миң адамды – “диний экстремисттик агымдардын өкүлдөрү” делгендер менен бозгунда жүргөн дисиденттер чыгарылганын маалымдаган.