Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:02

АКШ "Вагнер" жеке аскер компаниясын "кара тизмеге" киргизди


«Вагнердин» жалданма аскерлери, Сирия
«Вагнердин» жалданма аскерлери, Сирия

Кошмо Штаттар «Вагнер» деп аталган жеке аскердик компанияны жана анын башкы демөөрчүсү экени айтылып жүргөн ишкер Евгений Пригожинди «кара тизмеге» киргизди. Бул тууралуу бейшембиде АКШнын мамлекеттик департаменти билдирди.

Пригожин буга чейин АКШнын Каржы министрлигинин санкциялык тизмесине да киргизилген. «Вагнердин» жалданма аскерлеринин Украина чыгышындагы жана Сириядагы согуштарга катышканы айтылып жүрөт. Бирок орус бийлиги андай компания бар экенин четке кагып келет.

Мындан тышкары тизмеде Пригожиндин көзөмөлүндөгү компаниялар, анын ичинде АКШ президенттик шайлоого кийлигишкен деп айыптап жаткан «Конкорд» жана «Интернет иликтөөлөр агенттиги» бар.

Алар менен катар «кара тизмеге» орусиялык атайын кызмат менен байланышы бар делген дагы бир нече жеке адамдар киргизилди. Алардын арасында аскердик чалгындын ыктымал офицерлери жана «Интернет иликтөөлөр агенттигинин» кызматкерлери бар. Буга чейин аларга атайын прокурор Роберт Мюллер расмий түрдө АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишкен деген айып таккан. «Кара тизмеге» «Оборонлогистика» уюму менен Комсомольск-на-Амуре шаарындагы авиациялык завод дагы киргизилди.

Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө мындай чечим Орусия аскерлери менен атайын кызматынын дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүндөгү «зыяндуу ишмердүүлүгүнө» байланыштуу кабыл алынганы жазылган.

Мындан тышкы Кошмо Штаттар курал-жарак сатып алуу менен алектенген Кытайдын мамлекеттик ишканасы менен анын директоруна каршы санкцияларды киргизди. Алар Орусиядан Су-35 учактарын жана С-400 зениттик-ракеталык комплекстерин сатып алганы үчүн санкцияга кабылышты.

АКШ мыйзамына ылайык, «кара тизмедегилер» менен иш жүргүзгөн адамдар жана уюмдарга санкциялар киргизилет.

XS
SM
MD
LG