Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:57

Канжар Кадыралиевди айыптаган ишкер президентке кайрылды


Канжар Кадыралиев. Архивдик сүрөт.
Канжар Кадыралиев. Архивдик сүрөт.

Кылмыш иши козголгон Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиевге байланыштуу анын айылдашы, ишкер Абдимитал Бекташев президентке жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине кайрылды.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков, баш прокурор Өткүрбек Жамшитов жана УКМК төрагасы Идрис Кадыркуловдун атына жолдонгон кайрылууда Канжар Кадыралиев эркиндикте кайра эле карактоо иштерин жасап жатканы айтылган. Ишкер 2010-жылдан бери Өзгөн жана Ош облусунун прокуратурасы арызына көңүл бурулбай, майнап чыкпай келатканын белгилеген. Ал Кадыралиевдин 3,5 гектар жерин тартып алганына даттанып, бул ишти көзөмөлдөп берүү өтүнүчүн келтирген.

- Сот болуп жакшы чечим чыкпай жатат. 2018-жыл келип бактын четине эки кабат үй салып, мени бакка киргизбей жатат. Чөбүмдү алдырбайт. Өз билгенин кылып жатат. Барсаң коркутуп, тепкилейт. Бул бала мени жаман кыйнады.

2014-жылы Өзгөн районунун Куршаб айылынын тургуну Абдимитал Бекташов Канжар Кадыралиевге байланыштуу Башкы прокуратурага арызданган. Ал ижарага алып иштетип жүргөн үч гектар жерин Кадыралиев талашып, уруп-согуп, кысымга алып жатканын айтып чыккан.

Кадыралиевди карактоого айыптап, бир катар ишкерлер буга чейин дагы арызданган. Анын ишин быйыл январь айында Жогорку сот карап, төмөнкү инстанциялардын ишти кайра кароо тууралуу чечимин күчүндө калтырган. Ошондон улам бул иш Бишкек шаарындагы Октябрь райондук сотуна, андан Ош облусунун Өзгөн райондук сотуна жөнөтүлгөн.

Буга чейин Канжар Кадыралиев “Азаттыкка” комментарий берип жатып, мындай дооматтарды жокко чыгарган жана муну каралоо деп атаган.

XS
SM
MD
LG