Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:08

Финпол: Медициналык коллеждин директору пара менен кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орто кесиптик медициналык коллеждердин биринин директору пара менен кармалганын бүгүн Экономикалык кылмыштарга каршы кызмат (Финполиция) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 10-сентябрда бул окуу жайга өтүү үчүн директор 30 миң сом алып, андан тышкары дагы 25 миң сом талап кылып жатканы тууралуу арыз түшкөн. Кылмыш иши козголуп, 12-сентябрда ыкчам издөө иштеринин учурунда кылмышка шектүү жетекчи пара акчаны колуна алып жаткан жеринен кармалганы айтылды.

Финполиция соңку кезде жарандардын бул мекемеге ишеними артып, ар кандай мыйзам бузуулар тууралуу арыз-даттануулар көп түшүп жатканын билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG