Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 04:04

Баланы пайдаланып иштетүү азайды, бирок кооптуулугу күчөдү


Кулпунай терип жаткан балдар. Чүй облусу.

Кыргызстанда баланы пайдаланып иштетүүнүн деңгээли төмөндөдү. Бул тууралуу бүгүн Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Улуттук статистикалык комитет менен биргеликте төө буурчак жана пахта теримде иштегендер боюнча изилдөө жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында мажбурлап иштетүүгө тартылган балдардын саны төмөндөп жатканы туруктуу динамикага айланганы анык болду. Маселен, 2007-жылы 33% болсо, 2014-жылы дээрлик 28% жетти.

Бирок балдар тартылган жумуштун кооптуулугу күчөдү – 2007-жылы 12,5% болсо, 2014-жылы дээрлик 19% жетип, балдардын саны 276 миңге чукулдаган.

Эл аралык укук коргоо органдары балдарды иштетип, пайда көрүү алардын укугун бузуу экенин тынбай айтып келет. (RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG