Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2021 жума, Бишкек убактысы 17:21

Өкмөт ЖЭБдеги жаңы цехти комиссия текшергенден кийин гана кабыл алат


Кубатбек Боронов Бишкек ЖЭБинде. 21.09.2018

Кыргыз өкмөтү Бишкек жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) салынып жаткан жаңы цехти пайдаланууга комиссиялык текшерүүдөн кийин гана кабыл алат. Бул тууралуу бүгүн биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов ишканага барып, жаңы химиялык тазалоо цехинин курулушунун жүрүшү менен таанышуу учурунда айтты.

ЖЭБдин директору Андрей Воропаев учурда турбиналык жана буу казандар цехин жылуулоо жана айнек салуу иштери аткарылып, көзөмөлдөөчү-ченөөчү жабдуулар ташылып, негизги жана көмөкчү жабдуулардын ремонту графикке ылайык жүрүп жатканын билдирди.

Бишкек ЖЭБин оңдоого Кытай өкмөтү 386 миллион доллар насыя берген. Бирок быйыл кышында ишканада авария болуп, шаар тургундарынын көпчүлүгү дээрлик бир апта жылуулуксуз калган. Кийин ал насыянын максаттуу пайдаланылышы тууралуу маселе көтөрүлүп, кылмыш иши козголгон. Анын негизинде учурда бир катар мурдагы жетекчилер камакта отурат. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG