Кошмо Штаттары Орусиядан курал сатып алганы үчүн Кытайдын курал-жарак департаментине жана анын жетекчиси Ли Шаньфуга санкция салды.
Санкция тизмедегилерге АКШдан экспорттук лицензия, насыя сураганга же башка каржы келишимдерин түзүүгө тыюу салат.
Коргоо министрлигинин аталган департаменти өткөн жылы Орусиядан Су-35 аскер учагынан онду, быйыл С-400 зениттик-ракеталык комплексине жабдыктарды сатып алган.
Вашингтон Сирия, Украина, Солсбери кризисине жана АКШдагы шайлоого ыктымал кийлигишүүсүнө байланыштуу Орусияга экономикалык санкцияларды салган. Ага карабастан Орусия менен кызматташкандарга да жаза көрүлөрү эскертилген. Кытайга байланыштуу кадам эскертүүдөн кийинки биринчи чара.