Линктер

шейшемби, 23-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 04:37

Вьетнамдын президенти дүйнөдөн кайтты


Чан Дай Куанг

Вьетнамдын президенти Чан Дай Куанг жума күнү 61 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу жергиликтүү мамлекеттик телеканалдар кабарлашты.

Президент Борбордук аскер ооруканасында оор илдеттен дарыланып жаткан деп айтылат.

Ал 2016-жылдын апрелинде Улуттук Жыйын депутаттарынын 90% колдоосу менен президенттикке шайланган. Ага чейин Чан Дай Куанг коомдук Коопсуздук министрлигин жетектеген.

Вьетнамда президенттик орун сыйлуу кызмат. Негизги бийлик Коммунисттик партия менен ал көрсөткөн премьер-министрдин колунда.

XS
SM
MD
LG