Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:30

Киевде демонстранттар менен полиция кагылышты


полиция менен демонстранттардын кагылышы. Киев, 20-сентябрь, 2018-жыл.
полиция менен демонстранттардын кагылышы. Киев, 20-сентябрь, 2018-жыл.

Бейшембиде Киевдеги парламент имаратынын жанында полиция менен демонстранттар кагылыша кетти.

Президент Петро Порошенко ичкериде депутаттардын алдында сүйлөп жатканда жүздөгөн киши Жогорку Раданын жанына чогулган. Алар Донбасстагы согушка катышкан чет өлкөлүк ыктыярчыларды өз мекендерине өткөрүп берилишине каршы.

Демонстранттар полициянын курчоосун жарып өтүп имаратка жетүүгө жулунушкан. Алар тартип сакчыларын карай петарда жана түтүн чыгарган граната ыргытышканы кабарланууда. Натыйжада бир нече киши, бир полициячы жабыркады.

Мындай акциялар буга чейин да болуп келген. 12-сентябрда ФСБнын өтүнүчү менен теги ингушетиялык Тимур Тумгоев Орусияга өткөрүлгөн. Ал Донбасста украин өкмөттүк күчтөрүнүн тарабында согушканы маалымдалууда. Украинанын Башкы прокуратурасы экстрадицияга байланыштуу "кызматтык шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш иш козгогон.

XS
SM
MD
LG