Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:41

Мамкаттоо кызматы соттон Кулматовдун паспортун жокко чыгарууну өтүндү


Кубанычбек Кулматов.
Кубанычбек Кулматов.

Мамлекеттик каттоо кызматы Кубанычбек Кулматовдун жарандык паспортун жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылды.

Мекеменин басма сөз катчысы Мелис Эржигитов "Азаттык" радиосуна билдиргенине караганда, Кулматов 1996-жылы Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алган:

- УКМК кылмыш иш козгогон 1996-жылы паспортту негизсиз алган деп. Ошондуктан биз азыр Биринчи Май райондук сотуна ошол паспортту жараксыз деп табуу тууралуу кайрылдык.

Бишкек шаарынын мурдагы мэри жана Бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Кулматовдун адвокаттары бул аракеттерди "акылга сыйгыс" деп баалоодо. Алар мындай жол менен Кулматовго басым көрсөтүлүп жатканын айтууда.

Кулматов коррупция жана жараксыз паспортту пайдалануу боюнча айыпталып жатат. Быйыл 18-майда Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин алкагында ага Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") менен айып тагылган.

Июнь айында Кулматовго 350-346-беренелердин (“Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү”) негизинде экинчи кылмыш иши козголгон.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) аны "1996-жылы Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алган жана чек арадан мыйзамсыз өткөн" деп айыптап жатат. Азыр Кулматов УКМКнын тергөө абагында отурат. (BkA)

XS
SM
MD
LG