Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:48

Бишкектин эки көчөсү убактылуу жабылат

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ишемби 22-сентябрда Бишкектин эки көчөсү түшкө чейин жабык болот. Бул тууралуу бүгүн “Кыргыз темир жолу” ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Поезд жана автомобиль каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 22-сентябрда Бишкек I - Бишкек II темир жол каттамынын 3778-чакырымындагы темир жол өткөрмөсүндө оңдоо иштери жүрөрү айтылды. Бул Бишкек шаарынын Асаналиев (мурдагы Некрасов) жана Толстой көчөлөрүнүн кесилиши.

“Саат 09:00дөн 13:00гө чейин аталган аймакта транспорт каттамы жабылат жана ал жерди Бишкек шаардык жол коопсуздугу башкармалыгы көзөмөлдөп турат” беп билдирди ишкана.

XS
SM
MD
LG