Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:07

ЕККУ: Донбасс мина көп табылган аймак


Донбассты тазалоо учурунда табылган миналар
Донбассты тазалоо учурунда табылган миналар

Европа Коопсуздук Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) атайын өкүлү Мартин Сайдик Донбасс дүйнөдөгү мина көп көмүлгөн аймак экенин билдирди.

Украинанын убактылуу оккупацияланган аймактар боюнча министрлиги, Донбассты минадан тазалоого 800 млн. доллар кетерин эсептеген. Андан мурда эксперттер 1 млрд. доллар, 10-15 жыл керек деп болжолдошкон.

Өткөн жылы эл аралык HALO уюмунун саперлору Украина миналар менен жарылбай калган дары-дүрмөттөрдүн кооптуулугу боюнча бешинчи орунда деген тыянакка келишкен.

Башаламан бекитилген жарылма куралдардын айынан украин өкмөтү көзөмөлдөгөн аймакта да, жикчилдер тарапта да чарба жүргүзүүгө дээрлик мүмкүн болбой калды.

2014-жылдан бери Донбасста украин өкмөтү менен орусиячыл жикчилдер кармашып келет. Кесепетинен он миң ашуун адам өлдү.

XS
SM
MD
LG