Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:06

Мэй: Брексит туюкка кептелди


Тереза Мэй
Тереза Мэй

Британиянын премьер-министри Тереза Мэй "Брексит" сүйлөшүүсү туюкка кептелгенин билдирди. Брюссель анын сунуштарынын негизги бөлүктөрүн четке какканын ырастады.

Мэйдин планынын өзөгү келечекте Евробиримдик менен жалпы соода эрежесин сактап калуу. Бул «жумшак брексит» катары бааланып, соода алакалары мурдагыдан көп өзгөрбөшү керек дегенди билдирет.

Бирок 20-сентябрда Сальцбургдагы саммитте Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск ал план европалык базардын биримдигине доо кетирет деп баалаган.

Ошол эле маалда Мэй дагы бир референдум өткөрбөй турганын айтууда. Буга чейин Лондондун мэри баштаган бир катар саясатчылар начар келишим түзүп же таптакыр келишимсиз калышыбыз мүмкүн деп Брекситти кайрадан эл тандоосуна коюуну сунушташкан.

Британия 2019-жылдын март айынан тарта өз алдынча кетиши керек. Ага чейин Евробиримдиктин калган 27 өлкөсү менен алакасын такташып алуу үчүн сүйлөшүүлөрдү өткөрүп келет.

XS
SM
MD
LG