Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:16

Трамп Орусия тууралуу иликтөөнүн жыйынтыгын жарыялоо мөөнөтүн жылдырды


АКШнын президенти Дональд Трамп, 20-сентябрь 2018-жыл. АКШнын Невада штаты.
АКШнын президенти Дональд Трамп, 20-сентябрь 2018-жыл. АКШнын Невада штаты.

АКШ президенти Дональд Трамп 2016-жылкы Америкада өткөн президенттик шайлоого Орусиянын кийлигишүүсүнүн чын-төгүнүн иликтеген иштин материалдарын ачыкка жарыялоону жылдырды. Бул тууралуу ал өзүнүн "Твиттердеги" баракчасына 21-сентябрда жазган.

- Мен Юстиция министрлигинин өкүлдөрү менен жолуктум, материалдардын айрымдарын ачыкка чыгаруу тууралуу сүйлөштүк. Алар жарыялоого макулдугун берип, бирок бул иликтөөгө терс таасирин тийгизерин айтышты. Андан сырткары маанилүү өнөктөштөр да жарыялабай турууну өтүнүштү.

Мурдараак Трамп Юстиция министрлигине жана улуттук чалгындоо кызматынын директорунун аппаратына АКШнын Орусия боюнча атайын прокурору Роберт Мюллер жүргүзгөн иликтөөнүн айрым "чийки" материалдарын коомчулукка жарыялоону тапшырганы маалым.

Алардын айрым бөлүгү Трамптын шайлоо учурундагы кеңешчиси Картер Пейдж тууралуу аны аңдып жүрүп чогултулган материалдар.

XS
SM
MD
LG