Таласта "Ата Мекен" фракциясынын көчмө жыйыны өтүп жатат. Бул тууралуу жыйынга катышып жаткан "Азаттыктын" аймактагы кабарчысы Альбина Сулайманова билдирди.
Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүндө өтүп жаткан иш-чарада айыл чарба жана билим берүү тармагы боюнча сөз болот. Эл өкүлдөрү мектептердин кышка даярдыгынан кабар алып, көптөн бери курулушу аяктай элек мектептер боюнча да маселе козгойт. Дыйкандарга кредит берүү тууралуу сөз кылышат.
Жыйынга "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов, депутат Садык Шер-Нияз, Билим берүү министрлигинин статс-катчысы, айыл чарба министринин орун басары, архитектура жана курулуш агенттигинин, "Айыл банкынын", Орус-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун Таластагы өкүлү жана жергиликтүү бийлик катышууда.(AlS/KR)