Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:25

Чемпион Төрөкан Багынбай уулун жакындары Ош шаарынан тосуп алды


Жиу-житсу боюнча Азия Оюндарынын чемпиону чемпиону Төрөкан Багынбай уулун жакындары салтанаттуу тосуп алышты.
Жиу-житсу боюнча Азия Оюндарынын чемпиону чемпиону Төрөкан Багынбай уулун жакындары салтанаттуу тосуп алышты.

Индонезияда өткөн Жайкы Азия оюндарында жиу-житсу боюнча алтын байгенин ээси болгон Төрөкан Багынбай уулун Ош Эл Аралык аэропортунан тосуп алышты. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, спортчунун ата-энеси, жакындары, шаар жаштары жана спорт сүйүүчүлөр спортчуну аскердик оркестрдин коштоосунда салтанаттуу тосуп алышты.

Төрөкан Багынбай уулу
Төрөкан Багынбай уулу

- Өлкөбүздүн, сүйүктүү шаарыбыздын намысын чет өлкөдө коргоо мен үчүн сыймык. Бизди ушундай мелдештерге жиберип, жетишкендиктерде колдогон, ата-энелерибизге, Ош шаарынын мэриясына, шаардык дене тарбия жана спорт комитетине, машыктыруучуларыбызга чоң рахмат, - деди чемпион.

Индонезияда өткөн Жайкы Азия оюндарында жиу-житсу боюнча балбан татамиде 69 килограмм салмакта күч сынашкан. Ал 1/16 кармашта ирандык, квалификациялык кармашта казакстандык, чейрек финалда түркмөнстандык, жарым финалда таиланддык спортчуларды уткан. Финалда Бириккен Араб эмирлигинен келген Алкирби Талибди 2:0 упай эсебинде жеңип, Азия оюндарынын чемпиону аталды.

(солдон оңго) Акжол Махмудов менен Төрөкан Багынбай уулу
(солдон оңго) Акжол Махмудов менен Төрөкан Багынбай уулу

​Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов эл аралык мелдештерде байге алган спортчуларды бүгүн кабыл алып, грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында коло байге алган Акжол Махмудовго 50 миң сом, Төрөкан Багынбай уулуна 100 миң сом сыйлык тапшырды. (MdN)

XS
SM
MD
LG