22-сентябрда Орусиянын бир катар шаарларында пенсия курагын көтөрүү демилгесине каршы чыккандар нааразылык акциясын өткөрүштү.
Айрым шаарларда ушундай эле нааразылык акциялары 23-сентябрда өтөрү айтылып жатат. Митингдерди Орусия Федерациясынын коммунисттер партиясы, Солчул фронт, Орусиянын элдик патриоттор бирикмеси уюштурууда.
9-сентябрда да Орусиянын ондогон шаарларында оппозициячыл Алексей Навальный уюштурган ушундай тариздеги митингдер болуп өткөн. Алардын көбү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен макулдашпай уюштурулгандыктан өлкө боюнча миңдеген катышуучулар кармалган.
Июлдун ортосунда Орусиянын Мамдумасы өкмөттүн пенсия курагын эркектер үчүн 65 жашка, аялдар үчүн 63 жашка көтөрүүнү кубаттаган мыйзам долбоорун биринчи окуудан колдоп берген.
Анда да пенсия реформалары нааразылык акциялары менен коштолуп, атургай айрым социологиялык кызматтар Владимир Путиндин рейтинги кескин түшүп кеткенин айтып чыгышкан. Бүгүнкү акциялар да мыйзам экинчи окууда каралып жаткан кезде өтүүдө.