Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:57

Султан: Социалдык өнүгүү министринин орун басары соолуга элек


Кылычбек Султанов.
Кылычбек Султанов.

Бүгүн эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарынын аэропортунан учакка мас абалында кирип, ызы-чуу чыгарган.

Бул тууралуу алгач Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова өзүнүн баракчасына жазып чыккан.

Кийин "Азаттык" бул маалыматты Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султандан да тактады.

Анын айтымында мамлекеттик кызматкер учакка мас абалында кирип, ызы-чуу чыгарган. Экипаж анын айынан бардык жүргүнчүлөрдү түшүрүүгө мажбур болуп, рейс бир нече убакытка кечиккен.

- Биздин элчиликке аэропорттон дипломатиялык паспорту бар жараныбыз самолеттон чыр чыгарып, түшпөй мас абалында жүрөт деген маалымат келди. Биздин консул бир кызматкер менен чогуу аэропортко барды. Бир-эки сааттай убакытта жетишти. Учактан чыкпай койгондугу үчүн элдин баарын түшүргөнгө аргасыз болушуптур. Жүргүнчүлөрдү кайра башынан каттоодон өткөрүшүптүр. Учак кечигүү менен учуп кетти. Ал айым өзүнө келе элек. Мен ага мейманканада эс алып, эртең учуңуз деп сунуштадым, бирок ал "мен бүгүн кетишим керек" деп жатыптыр. Air Astana аны "кара тизмеге" киргизиптир. Ошол себептүү азырынча башка авиакомпаниялардан билет табылбай жатат. Биздин маалымат боюнча ал дагы башка эки кызматкер менен Сеулга окууга келген, -деди Кылычбек Султан.

Кылычбек Султан маалымат каражаттары жазгандай, мас болгон кызматкердин ысымы Зууракан Каденова экенин ырастады.

Ал арада президенттин аппаратынын басма сөз өкүлү Толгонай Стамалиева билдирүү таратып, сөз болуп жаткан кызматкер президент Сооронбай Жээнбековдун жээни деген маалыматты жокко чыгарды.

- Сеулдагы министрдин орун басарынын катышуусу менен болуп өткөн инцидентке байланыштуу журналисттерден көптөгөн телефон чалуулар болууда. Ошого байланыштуу ал айым Кыргыз Республикасынын президентинин жээни деген маалыматты расмий төгүндөйбүз. Президенттин тапшырмасына ылайык Тышкы иштер министрлиги маалыматты тактап жатат. Маалымат ырасталса, премьер-министрге ал кызматкерге карата тийиштүү чара көрүү тапшырмасы берилди.

XS
SM
MD
LG