Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:47

Ирандагы теракттан 24 киши набыт болду (видео)


Теракт болгон Ирандын Ахваз шаары. 22-сентябрь 2018-жыл.
Теракт болгон Ирандын Ахваз шаары. 22-сентябрь 2018-жыл.

Ирандын Ахваз шаарында аскерий парад учурунда элге ок атылды. Акыркы маалымат боюнча 24 киши каза таап, 60тай киши жараат алды. Бул тууралуу Reuters маалымат агенттиги Ирандын мамлекеттик телевидениесине таянып жазып чыкты.

Ок сахна тараптан атылган. Терорчулар аскерий кийим кийип алып, элге ок чыгарган. Мамлекеттик маалымат каражаттары ок атууга исламдын радикалдуу такфиризм идеологиясынын тарапташтары жооптуу экенин айтышууда. Ошол эле учурда өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик топ терактка жоопкерчилик алганы маалым болду, бирок алар азырынча эч кандай далил келтирген жок.

Үч согушкер ошол эле жерден атып өлтүрүлгөн. Төртүнчүсү ооруканада жатып, алган жараттарынан каза болгонун Ирандын куралдуу күчтөрүнүн басма сөз өкүлү Абдулфазл Шекарчи мамлекеттик телевидениеге сүйлөп жатып билдирди.

Ушундай эле аскерий параддар 22-сентябрда Ирандын бир катар шаарларында өтүп жатат. Алар сегиз жылга созулган Иран-Ирак согушунун аякташынын 30 жылдыгына арналган.

Иранда парад учурунда теракт болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:45 0:00

XS
SM
MD
LG