Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:20

Бишкекте экинчи эл аралык жарым марафон өтүүдө


Ысык-Көлдө өткөн марафон. 2018-жыл
Ысык-Көлдө өткөн марафон. 2018-жыл

Бишкекте залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган экинчи эл аралык жарым марафон өтүүдө. Бул тууралуу "Азаттыкка" марафондун уюштуруучуларынын бири Катерина Гадеева маалымдады.

Марафонго 3 миңдей киши катышууда. Алар Казакстан, Орусия, Өзбекстан, Тажикстан, Италия жана башка өлкөлөрдөн келген. Катышуучулардын арасында Олимп жана Азия оюндарынын да катышуучулары жана чемпиондору бар.

Жарым марафонго катышып жаткан жөө күлүктөр Бишкектин түштүк-батышында жайгашкан Арча-Бешик конушундагы спорт-комплексинен баштап Түштүк магистралды бойлой 10 же 21 чакырым чуркашат. Жарым-марафондун байге фонду 504 миң сомду түздү.

Иш-чара Бишкек шаардык мэриянын колдоосу менен уюштурулган. Буга чейин ушул сыяктуу эле марафон Ысык-Көлдө ушул жылдын 12-майында өткөрүлгөн.

XS
SM
MD
LG