Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:45

Ашкананын курулушуна каршылар митингге чыкты


Нааразылык акциясына чыккан шаардыктар.
Нааразылык акциясына чыккан шаардыктар.

Бишкек шаарындагы 5-кичи райондо жайгашкан үйлөрдүн тургундары жаңы башталып жаткан курулушка каршылыгын билдирип, нааразылык акциясына чыгышты. Чогулгандар шаардын мэрине кайрылуу жасап, алар жашаган үйлөрдүн жанындагы балдар аянтчасына ашкана курууга каршы экенин айтышты. Бул тууралуу "Азаттыкка" митингге чыккандардын бири Самат Токтомбаев кабарлады:

- "Балдар сыртка чыгып кетпесин, ойной турган жер болсун" деп бактарды тигип, такыр каралбай калган жерди тосуп, өзүбүз аянтча жасап, биздин эле үч үй эмес, четтен да келишип, балдарын ойнотушчу. Азыр ал жер ашкана болот экен. Ашканага такыр туура келбейт. Ал жерде балдар ойнойт, тегереги биз тигип, сугарып жаткан бактар.

Самат Токтомбаев сөз кылып жаткан үйлөрдүн жанында үч кабаттуу дүкөн курулган. Эми анын жанына ашкана курулмакчы болуп, даярдык иштери башталган.

Токтомбаевдин айтымында, буга чейин куруучу компания жашоочуларга жер тилкесинин "кызыл китеби" бар деп маалымат берген. Бирок мэриядан келген өкүлдөр шаар бийлиги бул жерге имарат курууга уруксат бербегенин айтышкан.

Жеке курулуш компаниясы менен байланышуу аракетинен майнап чыккан жок.

XS
SM
MD
LG