24-сентябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, бийик тоолуу райондордо жайгашкан жайлоорго кар түшөт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 7...12, күндүз 18...20,
Таласта түнкүсүн 2...7, күндүз 16...21,
Ошто түнкүсүн 8... 13, күндүз 17...22,
Баткен менен Жалал-Абадда, түнкүсүн 8...13, күндүз 20...25,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 5...10, күндүз 13...18
Нарында түнкүсүн 2...7, күндүз 12...17.
Бишкекте жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 19…21 градус болот.