Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:10

Тажикстандык мурдагы футболчу Минскте кармалды


Беларустун тартип коргоо органдары тажикстандык мурдагы футболчу, 43 жаштагы Парвиз Турсуновду кармашканын анын аялы "Азаттык" радиосуна айтып берди.

2011-жылы Тажикстандын футбол федерациясы сакалын кыскартуудан баш тартканы үчүн Турсуновду дисквалификациялаган. Сакал өстүрүүгө өлкөдө тыюу салынбаганы менен расмий эмес түрдө 50гө чыга элек эркектердин, өзгөчө студенттер менен коомдук тармакта иштегендердин сакал өстүрүп жүрүүсүн бийлик көп жактырбайт.

Жубайы Саера Субхонова 23-сентябрда телефондон айтып бергенине караганда, Турсуновду Минск аэропортунан кармап кетишкен, аялы менен төрт баласын үч күн аэропортто кармап Украинага жөнөтүшкөн. Алар акыркы бир нече жылдан бери Араб Эмиратында жашап келатышкан. Кийин европалык өлкөлөрдүн бирине көчүүнү чечишкен. Түркия, Украинадан кийин Минскке барып, андан ары Польшадан башпаанек сурашмак.

Беларус органдары эч кандай маалымат беришпегенин айткан Субхонова тажик бийликтери күйөөсүн салафилердин катарына кирет деп издөө салышканын айтты. Тажикстанда салафилер экстремисттик уюмдардын тизмесине киргизилген.

XS
SM
MD
LG