Рим папасы Франциск 23-сентябрда советтик бийликтен жана германиялык нацисттерден жапа чеккен литвалыктарды эскерди.
Понтифик Үчүнчү рейхтин курмандыктары болгон жөөттөргө өзгөчө көңүл бурду. Папа Каунас шаарындагы борбордук паркта таат окуду.
1941-44-жылдары калаада жөөттөрдүн жамааты толугу менен жок кылынган. Алардын көбү өлтүрүлгөн жана концлагерлерге жөнөтүлгөн.
23-сентябрда Литвада нацизмден жана коммунизмден жабыркаган жөөттөрдү эскеришет. Франциск бул күндөрү Балтика боюндагы мурдагы советтик өлкөлөрдү кыдырып жүрөт.
Литва, Латвия жана Эстониянын бийликтери СССРдын курамында өткөргөн 50 жылды «оккупация» деп аташат. Москва андай формулировкага каршы болуп келатат.