Линктер

ишемби, 20-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 19:56

Роухани Ахваздагы теракт үчүн араб жикчилдерин айыптады


22-сентябрдагы кол салуудан кийин тартылган сүрөт.

Ирандын президенти Хасан Роухани аскердик парад маалындагы кол салуу үчүн араб жикчилдерди жана аларды колдогон Перси булуңундагы өлкөнү айыптады. Президент атын атабаганы менен, ал өлкөнү АКШ колдойт деди.

Ислам революциясынын сакчылары 25 кишинин өмүрүн кыйган чабуул жоопсуз калбасын эскерткен. Өлгөндөрдүн арасында сакчылар корпусунун 12 аскери бар болчу. Тегеран ошондой эле Дания, Нидерланд жана Британиянын элчилерин чакыртканы кабарланууда. Иран бийлиги ал өлкөлөрдө Тегеран өкмөтүнө каршы аракеттенген Ахваз Улуттук каршылык көргөзүү кыймылына жакын уюмдар жайгашкан деп шектенүүдө. 22-сентябрдагы кол салуу үчүн жоопкерчиликти арабдардын ошол кыймылы өзүнө алган. “Ислам мамлекети” экстремисттик уюму да терактты алар уюштурганын билдирүүдө.

“Бул ишти ким жасаганын, алар ким менен байланышта экенин биз жакшы билебиз”, - деди Роухани жекшемби күнкү телекайрылуусунда.

АКШ жана БУУ да Ахваздагы кан төгүүнү айыпташты.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG