Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:35

Төө-Ашуу туннели эки маал убактылуу жабылууда


Төө-Ашуу.
Төө-Ашуу.

Бишкек-Ош автожолундагы Төө-Ашуу туннелинде оңдоп-жаңылоо иштери жүрүп жатканына байланыштуу айрым убакта тыгын пайда болуп калууда.

Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалыматына караганда, 18-30-сентябрда туннель эки маал жабык болот. Бул учурда анын ичиндеги желдетүү системасы текшерилип, зарыл болгон жерлери оңдолот.

Туннель эртең менен саат 8ден 09:30га чейин жана түштөн кийин саат 14төн 15:30га чейин иштебейт, калган убакта ачык.

Мындан иш-аракеттер жыл сайын өткөрүлүп турат. Бишкек-Ош трассасы Кыргызстандын түштүк жана түндүк аймактарын байланыштыруучу унаа жол. (RK)

XS
SM
MD
LG