Армениянын борбор шаары Ереванда премьер-министр Никол Пашиняндын альянсы муниципалдык шайлоодо ишенимдүү жеңишке жетти. Бул шайлоону өлкөнүн жаңы лидери үчүн негизги сыноо деп атап жатышкан.
Борбордук шайлоо комиссиясы бир аз мурдараак кабарлаганына караганда, шаардык кеңештеги 65 орунга шайлоо өтүп, “Менин кадамым” бирикмеси добуштардын 82% алды.
Арменияда быйыл жайында элдик толкундоолордон кийин бийлик алмашкан. Ереванда өлкө калкынын дээрлик жарымы жашайт.(RK)