Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:36

Бир аптада Кыргызстанда 300дөн ашуун мас айдоочу кармалды


Иллюстрациялык сүрөт. Бишкек.
Иллюстрациялык сүрөт. Бишкек.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын өлкө аймактарындагы кызматкерлери соңку бир апта ичинде Кыргызстанда 20 миң 581 жол эрежесин бузуу фактысын аныкташты. Бул тууралуу аталган башкармалыктын маалымат бөлүмү кабарлады.

Мунун ичинен 2 миң 226 адам автоунаасын атайын белгиленген ченемден катуу айдаганы үчүн кармалса, 337 айдоочу мас абалында колго түшкөн. Калгандары башка эрежелерди бузган.

Натыйжада бир жуманын ичинде миңден ашуун автоунаа айып короосуна киргизилген. (ErN)

XS
SM
MD
LG