Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:34

Сержант менен мушташкан жоокер жараат алып ооруканага түштү


Кыргызстандын жоокерлери. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын жоокерлери. Иллюстрациялык сүрөт.

Абадан коргонуу күчтөрүнүн Бишкек шаарындагы №97632 аскер бөлүгүндөгү жоокер менен кызматкердин мушташы боюнча кызматтык иликтөө башталды.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Башкы штабдын маалымат катчысы Гүлзат Жарашева билдирди.

Ишти кошумча Бишкек гарнизондук аскер прокуратурасы тергей баштады. Жооптуу адамдар убактылуу кызматынан четтетилди.

Окуя 22-сентябрда болгон. Келишимдик негизде иштеген сержант (Б.М.) менен катардагы жоокер (К. уулу К.) сөз талашып урушуп кетишкен. Талаш мушташка чейин жетип, натыйжада жоокердин жаагы сынган. Учурда ал аскердик госпиталга жаткырылып, жаагына темир шак-шак (шина) коюлду. Жабырлануучу дарылануудан өтүп жатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG