Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:54

Раритет автоунааларды мыйзамсыз ташып келүү фактысы аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик каттоо кызматынын Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин кызматкерлери аралашкан кымбат автоунааларды алып келүү боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгынан кабарлашты.

Анда айтылгандай, аталган департаменттин кызматкерлери “Империал-Ньюпорт” (1955-жылы чыгарылган), “Форд-Меркури Кугар ХР7” (1971-жылы чыгарылган), “Линкольн-Континенталь” (1967-жылы чыгарылган), “Додж РАМ3500” (1995-жылы чыгарылган) жана “БМВ 760LI” (2005-жылы чыгарылган) үлгүсүндөгү автоунааларды Кыргызстандын жаранына катташканы аныкталды.

Автоунааларга мамлекеттик номерлер жана техникалык паспорттор берилген. Андан кийин аталган транспорттук каражаттар Орусиянын жаранына катталып, Кыргызстандан сыртка чыгарылып кетүүгө даярдалган. Баштапкы документтеринде автоунаалар алгач Беларуста каттоого турганы көрсөтүлгөн.

Тергөө учурунда Беларустун Ички иштер министрлигинин Мамлекекеттик автоинспекциясы аталган беш автоунааны каттоодон чыгаруу аракеттери көрүлбөгөнүн жана транспортторго импорт үчүн бажы төлөмдөрү алынбаганын билдирген. Автоунаалар катталды делген орусиялык жарандар да алардын атына автоунаалар эч качан катталбаганын айтып, документтерге кол койбогонун билдиришкен.

Натыйжада автоунааларды каттоо үчүн 13 млн. 769 миң 610 сом бажы төлөмү төлөнбөгөнү такталды. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин үч беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды. (ErN)

XS
SM
MD
LG