Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:35

Еревандагы шайлоодо Пашиняндын партиясы утту


Еревандагы добуш берүү.
Еревандагы добуш берүү.

Ереван шаардык кеңешине шайлоону премьер-министр Никол Пашиняндын “Менин кадамым” блогу ишенимдүү жеңди.

Жекшембидеги добуш берүүнүн жыйынтыгы менен аталган партия 81% алды. “Гүлдөгөн Армения” партиясы жети пайызга жете бербеген добуш менен экинчи келди. Мурдагы президент Серж Саргсяндын Республикалык партиясы шайлоого катышкан эмес.

Бул шайлоо быйыл май айында “баркыт ыңкылабы” менен бийликке келген Пашиняндын ишин баалаган сынак катары кабылданууда. Кийинки жылы өлкөдө кезексиз парламенттик шайлоо өтүп, кеминде беш жылга бийликти колго алчу күч аныкталышы керек.

XS
SM
MD
LG