Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:50

АКШнын Жогорку Cотуна талапкерди сексуалдык ыдык көрсөтүүгө айыпташты


Бретт Кавано менен Дональд Трамп.
Бретт Кавано менен Дональд Трамп.

Кошмо Штаттарында Жогорку Соттун судьялыгына талапкер Бретта Каванону сексуалдык ыдык көрсөтүүгө дагы бир аял айыптап чыкты. Кезинде Йельс университетинде чогуу окуган 53 жаштагы Дебора Рамирес 35 жыл мурда, студенттик кечелердин биринде Кавано жосунсуз жорукка барган деп билдирди. Бул Каванонун талапкерлигин Сенат карап жаткан учурда ага карата акыркы апталардагы экинчи айыптоо. Буга чейин калифорниялык профессор айым Кристин Форд аны жогорку класста окуп жүргөндө асылып, ыдык көрсөткөн деп айыптаган.

Бейшембиде Кавано жана Форд Сенатта сөз сүйлөп, ар бири окуя боюнча өз билгендерин айтып берет. Бирок демократтар бул жетишсиз экенин, эки учурду тең ФБР иликтеши керектигин билдиришүүдө.

Бретт Кавано эки айымдын тең - Форддун да, Рамирестин да айыбын четке кагууда. Ал өзүнүн жаманатты кылууга каршы экенин билдирди. Ак үй да муну менен консервативдик көз караштары менен белгилүү судьяны шайлоону үзгүлтүккө учураткысы келет деп, демократтарды айыптады. Бретт Каванонун талапкерлигин президент Дональд Трамп кызматтан кеткен судья Энтони Кеннединин ордуна сунуштаган.

Демократтар Кавано судья болуп шайланып калса, Жогорку Соттогу консервативдик көз караштагы күчтөр көптүк кылып кетет деп чочулашууда.

XS
SM
MD
LG