Ирандын Ахваз шаарында ишемби күнкү кол салуунун курмандыктары менен коштошуу тажиясына миңдеген адам катышты. Ал кандуу окуяда кеминде 25 адам көз жууvп, ондогон киши жараат алган.
24-сентябрдагы аза күтүүгө аскерлер, имамдар, расмий кызмат адамдары жана каза тапкандардын жакындары катышты. Алар иран туусуна оролгон табытты, өлгөндөрдүн сүрөттөрүн жана “терроризмге жол жок” деген плакаттарды көтөрүп басышты. Айрымдары “Израилге жана Америкага өлүм” деген ураандарды чакырышты. Ислам жумурияты кол салууну уюштургандарды колдойт деп эки өлкөнү ишара кылган. Өз кезегинде Кошмо Штаттар кол салууну айыптаган.
Бийлик улуттук аза күтүү күнүн жарыялады. Ал эми Ахваз шаары орун алган Хузестан провинциясында мамлекеттик мекемелер, банктар, мектептер жана университеттер бул күнү жабылды.
Ирандын президенти Хасан Роухани аскердик парад маалындагы кол салуу үчүн араб жикчилдерди жана аларды колдогон Перс булуңундагы өлкөнү айыптады. Президент атын атабаганы менен, ал өлкөнү АКШ колдойт деди.
Ошол эле кезде “Ислам мамлекети” террордук уюму бул кол салууну алар жасаганын айтып чыкты.