25-26-сентябрь күндөрү түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Чүй облусунун тоо этектеринде 0…-2° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча-жемиштерге, казылып алынып жабылбаган картошка жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.
“Кыргызгидромет” борбору кабарлагандай, түнкүсүн Чүй, Ысык-Көлдө жамгыр жаайт, тоолуу райондордо кар жаайт, башка аймактарда күн ачык болот. Күндүз Кыргызстандын аймактарында жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 5...10, күндүз 19…24,
Таласта түнкүсүн 1...6, күндүз 19...24,
Баткенде түнкүсүн 6... 11, күндүз 22...27,
Ош менен Жалал-Абадда, түнкүсүн 7...12, күндүз 22...27,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 2...7, күндүз 16...21
Нарында түнкүсүн 1...6, күндүз 16...21 градус болот.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болушу ыктымал, күндүз жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9, күндүз 22…27 градус болот. (ErN)