Линктер

дүйшөмбү, 17-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 03:50

Мунайдын баасы төрт жыл мурдагы деңгээлге чыкты


24-сентябрда мунайдын брент үлгүсүнүн баасы төрт жыл мурдагы деңгээлге чыгып, бир баррели 80 доллар 90 центти түздү. Башкача айтканда анын баасы акыркы кезде 2% кымбаттаган. Бул 2014-жылдын ноябрынан берки эң жогорку баа. Талдоочулар муну америкалык санкциядан чочулап иран мунайын сатып алуучулардын саны азайганы менен түшүндүрүүдө.

“Рейтер” агенттиги мунайдын баасы жаңы жылга чейин дагы кымбаттай турганын, 2019-жылдын башына карай бир баррели 100 доллардан ашарын жазды.

Дем алыш күндөрү Алжирде Орусия жана ОПЕК өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнүн жыйынында, буга чейин айтылып келгендей, мунай өндүрүүнү суткасына 1 миллион баррелге көбөйтүү маселеси талкууланган жок.

Баанын өсүшү мунай өндүргөн өлкөлөргө, маселен, Орусияга бюджетин толтуруу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк. Акыркы маалыматтарга караганда, бул өлкө күнүнө 11 миллион 300 000 баррел мунай өндүрүүдө, август айында эле ал 11 миллион 160 000 барелди түзүп жаткан. Талдоочулар орусиялык мунайчылардын күнүнө дагы 200 000 баррел өндүрүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирүүдө.

АКШ Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча 2015-жылкы келишимден быйыл май айында чыгып кеткен. Президент Дональд Трамп ага Тегеран баллистикалык ракеталарды сыноо, террордук топторду колдоо менен ал келишимдин “маңызын” бузуп жатканын жүйө келтирген. Ошондон бери Вашингтондун Тегеранга каршы экономикалык санкциялары баскыч-баскыч менен калыбына келүүдө. Мындан тышкары Трамп “Иранга өзөктүк курал жасоосуна жардам берип жатканы үчүн” башка өлкөлөргө да санкция салаарын эскерткен. Ошондон кийин франциялык “Тотал”, британиялык “Бритиш Эйрвейз” жана башка компаниялар Ирандагы иштерин токтоткон.

Тегеран 2015-жылдагы өзөктүк курал боюнча макулдашууну так аткарып келе жатканын айтып, АКШны “Иранда бийликти алмаштырууну көздөйт” деп айыптаган.

Иранга каршы санкциялардын кийинки баскычы ноябрда күчүнө кирет жана ал Ислам жумуриятынын экономикасынын өзөгүн түзгөн банк секторуна, мунай тармагын бутага алмакчы.

XS
SM
MD
LG