Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:57

Ысык-Көлдө КМШ өлкөлөрүнүн “Антитеррор-2018” машыгуулары башталат


Антитеррордук машыгуулар. Иллюстрациялык сүрөт.
Антитеррордук машыгуулар. Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн Кыргызстанда КМШ өлкөлөрүнүн “Антитеррор-2018” аскерий машыгуулары башталат.

Бул тууралуу Башкы штаб расмий маалымат бере элек, бирок Орусиянын Коргоо министрлиги жарыялаганына караганда, машыгуулар «Эдельвейс» базасында өтөт. Аскерлердин биргелешкен тобу авиациянын колдоосу менен куралчан топторго каршы туруу, маанилүү объекттерди террордук чабуулдардан коргоо, тоо шартында иштөө ыкмаларын иш жүзүндө көрсөтүп, машыгышат.

Бир катар орусиялык маалымат агенттиктер менен гезиттердин жазганына караганда, бул машыгуулар үчүн Орусия Урал аймагынан “Искандер-М” ракеталык комплекстерин Ысык-Көл облусуна алып келди. Кыргызстандын күч түзүмдөрү, атап айтканда армиянын Башкы штабы менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бул маалыматты ырастаган да, төгүндөгөн да жок.

XS
SM
MD
LG