Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:40

Пашинян Арменияда кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүүнү сунуштады


Никол Пашинян.
Никол Пашинян.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян борбор калаа Ереванда жекшемби күнү өткөн жергиликтүү шайлоодогу ийгиликтен кийин өлкө тез арада жаңы парламенттик шайлоо өткөрүшү керек деп эсептерин билдирди.

Анын «Менин кадамым” альянсы 23-сентябрдагы шайлоодо 81% добуш алып, мэрлик кызматка өз тарапкерин алып келүүгө шарт түздү.

Бул шайлоо быйыл май айында “баркыт ыңкылабы” менен бийликке келген Пашиняндын ишин баалаган сынак катары кабылданууда. Кезексиз парламенттик шайлоо өтсө кеминде беш жылга бийликти колго алчу күч аныкталат.

XS
SM
MD
LG