Ош облусундагы банктардын биринин кызматкери алдамчылык жолу менен 1 миллион 289 миң сомду өзүнө ыйгарып алганы аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгынан (Финполиция) кабарлашты.
Анда айтылгандай, банктын сактык кассасынын башчысы кызматтык абалынан пайдаланып, 2016-жылдан 2018-жылдын июнь айына чейин депозитке келген акчаларды мыйзамсыз иштетип жүргөн. Ал жарандардын ишенимине кирип, алардын акчасын банктын эсебине салбай өзү алып келген. Аманатчыларга болсо жасалма келишим жана жасалма тастыктамаларды берип турган.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 221 ("Коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктардан аша чабуусу") жана 166-беренелери (“алдамчылык”) кылмыш иши козголду. Териштирүү иштери уланууда.
Алдамчылык фактысын Финполициянын Өзгөн жана Кара-Кулжа райондук бөлүмдөрүнүн кызматкерлери таап чыккан. (ErN)