Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:55

Израил Москванын Сирияга курал бергенинен кооптонот


Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху менен Орусиянын президенти Владимр Путин, 11-июль, 2018-жыл.
Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху менен Орусиянын президенти Владимр Путин, 11-июль, 2018-жыл.

Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху Орусиянын президенти Владимир Путиндин Сирияга абадан коргонуу системасын бергенин сындап, бул согуш баскан аймактагы “туруктуулукту бузарын” эскертти.
Дүйшөмбүдө эки лидер телефон менен сүйлөшкөндөн кийин Тель-Авив премьер Нетаньяху президент Путинге “өнүккөн курал системасын жоопкерчиликсиз колго берүү аймакта коркунучту күчөтөрүн” айтканын билдирди. Ошондой эле Израил Сириядагы Ирандын аскердик күчтөрүн бутага алууну улантып, “өз коопсуздугун жана кызыкчылыгын коргой берерин” билдиргенин кошумчалады.

Тель-Авивдин мындай билдирүүсү АКШ президентинин коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон Москванын Сирияга С-300 ракеталык системасын жөнөтүү чечимин сындаган маалда жарыяланды.

Өткөн аптада Орусиянын Коргоо министрлиги Сириянын аба күчтөрү орустардын аскердик чалгын учагын Жер Ортолук деңизинин үстүнөн жаңылыш атып түшүргөнү үчүн Израилдин аскерлерин айыптаган.

XS
SM
MD
LG