Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:21

Султан: Элчиликтердеги кыңыр иштерге чара көрүлбөгөнү үчүн баарын ачык айттым


Кылычбек Султан
Кылычбек Султан

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан Тышкы иштер министрлигинин аны "дипломаттын этикасын бузду" деген сынына жооп берди.

Элчи министрликтеги мыйзамсыз иштерди көрүп туруп, ага көз жуумп чыдай албаганы үчүн аргасыз кадамга барган.

- Эгерде кайсы бир кемчиликти же коррупциялык иштерди көрүп жатсам, ал тууралуу кайрылган нерседен жыйынтык чыкпаса, анан "муну эми көтөрүүгө болбойт, этикага туура келбейт" деп отуруп алууну келесоолук деп эсептейм. Ошондуктан, бул нерсени ачык айтып чыктым. Анын үстүнө мен дароо эле көчөгө чыгып кыйкырган жокмун. Алгач Тышкы иштер министрлигине кайрылгам, андан жыйынтык чыкпаганы үчүн Улуттук коопсуздук комитетине кайрылдым, андан да эч кандай натыйжа болгон жок. Андан соң президенттик аппаратка кабарладым, ага да көңүл бурушкан жок. Президенттин өзүнө кайрылуу жолдодум. Эч кандай реакция болбогону үчүн коомчулукка кайрылып, ачык айтууга туура келди,- деди ал.

Кылычбек Султан акыркы билдирүүлөрүнөн соң өзүнө карата куугунтук болушу мүмкүн экенин билгенин, ошентсе да президент Сооронбай Жээнбеков адилет чечим кабыл алат деп ишенип жатканын кошумчалады. Ошондой эле дүйшөмбүдө Бишкекте маалымат жыйынын өткөргөн Кылычбек Султан Сеулга барып элчилик кызматын улантып жатканын да кабарлады.

22-сентябрда эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденова Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарынын аэропортунан учакка мас абалында кирип, ызы-чуу чыгарганы кабарланган. Бул тууралуу маалыматты Кылычбек Султан ырастаган.

Бул окуядан кийин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев министрдин орун басарын кызматынан бошоткон.

Каденова өзү тууралуу айтылып жаткан сөздүн баарын четке кагып, дары ичкенден кийин көңүлү айнып кеткенин билдирген.

24-сентябрда Кылычбек Султан Бишкекте пресс-конференция уюштуруп, “Президенттик аппараттан Каденова тууралуу маалыматты таратпагыла деген көрсөтмө келген, анын мас болгонун ырастачу далилдер бар” деп айткан. Ал эми мамлекет башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева президенттик аппарат Сеулдагы окуяны жаап-жашыруу жөнүндө эч кимге буйрук бербегенин билдирген.

Кылычбек Султан ошондой эле Тышкы иштер министрлигиндеги, айрым элчиликтердеги коррупция тууралуу кайрылууларын жогорку бийлик укпай жатат деп айткан. ТИМ болсо элчи мамлекеттик кызматкердин жүрүм-турум эрежелерин, дипломаттык этика нормаларын бузганын билдирип, анын өзүнүн туура эмес иштерин ачыкка чыгара турган маалыматтар бар экенин айтып чыккан. (BkA\ErN)

Кылычбек Султан: Элчиликтерде коррупция бар
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:05 0:00

XS
SM
MD
LG