Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:42

Түркмөнстанда 1700 кишиге мунапыс берилди


Президент Гурбангулы Бердымухамедов парламентте сүйлөп жатат, 14-сентябрь, 2016-жыл.
Президент Гурбангулы Бердымухамедов парламентте сүйлөп жатат, 14-сентябрь, 2016-жыл.

Түркмөн бийлиги жаза өтөп жаткан 1722 кишиге мунапыс берди. Президент Гурбангулы Бердымухамедов 740 кишиге түркмөн жарандыгын ыйгарган буйрукка да кол койду. Бул тууралуу дүйшөмбүдө президент Бердымухамедов катышкан өкмөттүн жыйынында жарыяланды.

Министрлер кабинетинин кеңейтилген жыйыны өткөн күнү парламенттин (Халк Маслахатынын) мурдатан пландалган отуруму башталган жок.

24-сентябрда парламент жыйыны өтпөсө дагы башкалаа Ашхабадда коопсуздук чаралары күчөтүлүп, борбордук көчөлөр жабык турду.

Ашхабаддын Олимпиада стадионунда Эгемендик күнүнө карата салтанаттуу иш-чарага даярдык башталды. Түркмөнстандын Эгемендик күнү 27-сентябрда белгиленет.

Түркмөнстан дээрлик бардык бийлик адамдарын президент дайындаган, президенттик башкаруудагы өлкө. Парламентте да Бердымухамедовдун таасири күч экени белгиленет.

2016-жылы түркмөн парламенти Конституцияга өзгөртүү киргизип, президенттик бийлик мөөнөтүн беш жылдан жети жылга узарткан.

XS
SM
MD
LG