Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын жайыт комитеттерине 15 трактор жана эки “Хово” үлгүсүндөгү самосвал берилди. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын басма сөз катчысы Айтмат Азамжан уулу билдирди.
Анын айтымында, Ошко беш, Жалал-Абадга жети жана Баткенге үч даана техника бөлүндү.
Транспортторду тапшыруу аземине өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) директору Бекболот Айтиев, Эл аралык айыл чарбаны өнүктүрүү (IFAD) фондунун өкүлү Анара Жумабаева жана башкалар катышты.
“Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү – 2” долбоорунун алкагында аталган үч облуска жалпы 162 даана техникалар сатылып алынды. Ага кеткен 231 миллион 814 миң 820 сомду IFAD фондунун каржылаган. 25-сентябрда тапшырылган 17 техника сатылып алынгандардын алгачкылары, калган техникалар эми келет. (ErN)