Бээжин АКШнын кытай товарына бажы төлөмдөрүн көбөйткөнүн “кекиртекке такаган бычакка” салыштырды.
Кытай Вашингтон бажы төлөмдөрүн көтөрүп жаткан шартта АКШ менен соода-сатыкка байланыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү мүмкүн эмес экенин шейшембиде билдирди.
24-сентябрда АКШ Кытайдын 200 миллиард доллардык товарына койгон кошумча бажы тарифтери күчүнө кирди.
Кытайдын соода министринин орун басары Ван Шоувэн Вашинтон менен Бээжин өз ара “бири-бирине сый менен” мамиле жасаганда гана Кытай сүйлөшүүлөргө ачык экенин билдирди.
“Мындай кеңири масштабдагы соода-сатык чектөөлөрүн киргизүү менен АКШ кекиртекке бычак такады. Мындай шартта кайдагы сүйлөшүүлөр болсун?” – деди Ван Шоувэн басма сөз жайында.
Бажы төлөмүнүн деңгээли азыр 10%, ал эми 2019-жылдан тарта 25% болот. Буга чейин да АКШ эки баскыч менен Кытайдын акчалай наркы 50 миллиард доллардык товарына 25% төлөм киргизген.
Кытай импортунан АКШ аныктаган тизмеге товардын 800дөй түрү, анын ичинде стратегиялык жактан маанилүүлөрү, автоунаалар кирген. Кытай да буга теңме-тең жооп чарага барган. АКШнын наркы 50 миллиард доллардык, 659 түр товарына 25% салык салган.