Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:39

Жээнбеков БУУ трибунасынан Кыргызстан элин биримдикти сактоого чакырды


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Бириккен Улуттар Уюмунун трибунасынан Кыргызстан элине кайрылып, өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги кепилдиги биримдикте экенин айтты.

Коомдогу улут аралык достук, ар бир жарандын өлкөнүн тагдырына жооптуу мамилеси ийгиликтин негизи болот деди президент:

- Кыргыз элинин улуу жазуучусу, гуманист Чыңгыз Айтматов «Адамга биримдикте жашоодон өткөн дөөлөт жок», — деп айткан. Анткени, дүйнөнү биримдик, ынтымак гана сактап калат! Биздин келечегибиз, биздин бактыбыз — Кыргызстандын көз карандысыздыгында, элибиздин ынтымагында!

Ошону менен катар Сооронбай Жээнбеков “Кыргызстан парламенттик демократияны өнүктүрүүнү көздөйт жана муну 2020-жылы боло турган шайлоодо дагы бир ирет ырастайт” деп билдирди. Азыркы кезде Кыргызстанда саясий жана социалдык туруктуулук бар экенин, бул алдыга амбициялуу максаттарды коюуга мүмкүнчүлүк берип жатканын кошумчалады.

Бул күндөрү Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттары өтүп жатат. Ага 82 мамлекеттин башчысы жана 42 өлкөнүн премьер-министри катышууда.

XS
SM
MD
LG